Мамлекеттик асыл-тукум кызматы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МАМЛЕКЕТТИК АСЫЛ-ТУКУМ КЫЗМАТЫ – өз ишмердигин мамлекеттин атынан жүргүзүп, малчарбачылыгында асыл-тукум иштерин уюштуруу жана жүргүзүү боюнча адистештирилген тутумду түзүүчү бирикмелердин, илимий мекемелердин, асыл-тукум ишканаларынын, асыл-тукум заводдорунун, асыл-тукум чарбаларынын, асыл-тукум фермаларынын, мамлекеттик атканалардын, атмайдандардын ж. б. уюмдардын жыйындысы.